13:37
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Атамбаевдин иши. Канат Сагымбаев Алга Кылычев менен беттешүүдөн баш тартты

УКМКнын Тогузунчу кызматынын мурунку кызматкери Канат Сагымбаев КСДП саясий уюмунун мүчөсү Алга Кылычев менен беттештирүүдөн баш тартты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Бакытбек Автандил уулу билдирди.

Анын айтымында, Канат Сагымбаев тергөөнүн суроолоруна жооп берүүгө даяр, бирок анын катышуусунда иш-чара өткөрүлө элек.

«Тергөөчү Канат Сагымбаевге экспертиза дайындалганы тууралуу токтомду берди. Бирок, коргоо өкүлдөрүнө кандай экспертиза жүргүзүлгөнүн айтышкан жок. Буга чейин Канат Сагымбаев күбө катары өткөн. Жаза процессуалдык кодекстин нормасына ылайык, ага шектелип жаткандыгы тууралуу билдирүү бергенде эле экспертиза жүргүзүү керектиги тууралуу кабар берилиши керек болчу. Бирок, андай болгон эмес», -деди жактоочу.

Эске салсак, мурунку мамлекет башчы 8-августта бийликке багынып бергенден кийин, ошол эле кечте ИИМдин сурагына Канат Сагынбаев дагы алынып келинген. Ага Кой-Таштагы башаламандык фактысы боюнча кылмыш ишине катыштыгы бар делип айып коюлган.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби