06:42
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Атамбаевдин иши. Канат Сагымбаев суракка алына элек

УКМКнын Тогузунчу кызматынын мурунку кызматкери Канат Сагымбаевдин эмне себептен Бишкектеги № 1 тергөө абагында кармалып жатканын анын жактоочусу Бакытбек Автандил уулу такыр түшүнбөйт. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Канат Сагымбаевге карата тергөө иш-чараларын өткөрүшпөй эле: суракка чакырышпайт же башкалар менен жүздөштүрүп суроо беришпейт.

Эске салсак, мурунку мамлекет башчы 8-августта бийликке багынып бергенден кийин, ошол эле кечте ИИМдин сурагына Канат Сагынбаев дагы алынып келинген. Ага Кой-Таштагы башаламандык фактысы боюнча кылмыш ишине катыштыгы бар делип айып коюлган.

Эң көп окулган жаңылыктар