08:21
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

«Автомаш-Энерго» ишканасынын башкы кеңсесинде тинтүү жүрүүдө

«Автомаш-Энерго» ишканасынын башкы кеңсесинде тинтүү жүрүүдө. Бул тууралуу активист Темирлан Султанбеков билдирди.

Аталган компаниянын негиздөөчүсү жана жетекчиси -мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек.

Маалыматка караганда, компаниянын кеңсесине Аскер прокуратурасынын кызматкерлери эскертүүсүз келип, тинтүү жүргүзүп жана документтерди алабыз деп айтышкан. Алар тинтүү жүргүзүү тууралуу санкция жана эч кандай документтерди көрсөтүшкөн эмес. Сейитбек Атамбаев окуя болгон жерге жактоочусун чакырды. 

«Бул мурунку президенттин үй-бүлөсүн мыйзамсыз куугунтуктоо. «Автомаш-Энерго» өз ишмердүүлүгүн Алмазбек Атамбаев президент боло электе баштаган. Мунун мурунку президентке кандай тиешеси бар, түшүнүксүз», — деп билдиришти КСДПдан.

Эске салсак, УКМКнын атайын кызматы 7-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып алууга аракет кылган. Бирок, операция ийгиликсиз болгон. Башаламандык маалында 45 киши жаракат алган. «Альфанын» кызматкери октон каза тапкан.

8-августта атайын операцияны ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган, жыйынтыгында мурунку президент багынып берди. Ал УКМКнын тергөө абагына 26-октябрга чейин камакка алынды. Алмазбек Атамбаевге укук коргоо органдарына карата зомбулук көрсөтүү, адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, жемкорлук айыбы тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума