11:58
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Батукаевдин иши. Кадыр Атамбаев процессти опуза сот деп атады

Биринчи май райондук сотунда мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук териштирүү башталды.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесаревдун айтымында, айыпталуучуну сотко мажбурлап алып келишти. «Ал каршылык көрсөткөн жок, анткени тергөө абагынын жаш кызматкерлеринин ишине тоскоолдук кылууну каалабады», — дейт ал. 

Сотко мурунку президенттин уулу Кадыр Атамбаев келди. Ал процессти опуза сот деп атап, журналисттерге атасынын сотко алынып келингенин ЖМК аркылуу гана билгенин айтты. Ал атасын көрө элегин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Кадыр Атамбаевге атасы менен жолугушууга уруксат беришкен эмес.

Буга чейин мурунку мамлекет башчы процесске катышуудан баш тартып, тергөө абагындагы камерадан чыкпай келген. Мындан улам соттук отурум жылдырылган.

Иш боюнча 19 киши айыпталууда, алардын арасында Алмазбек Атамбаев дагы бар.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби
23-апрель, шейшемби