03:18
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Алдамчылык жолу менен унаа саткан. Айбек Калиевге дагы бир айып коюлду

Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиевге дагы бир айып- алдамчылык айыбы коюлду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жактоочусу Бактыбек Жумашев билдирди.

Белгилей кетсек, Айбек Калиев Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу иш боюнча күнөөлөнүп камакка алынган.

Бактыбек Жумашевдин айтымында, Айбек Калиев ишеничке кирип ТВЕАдан алынган унааны алдамчылык жолу менен үчүнчү жакка сатып жиберди деп айыпталууда.

«Бул унааны тергөөчүлөр кылмыш жолу менен алынган мүлк деп катташкан. Бирок, андай эмес. Ошондой эле унааны ал өзү саткан эмес, анын иниси саткан. Акчаны түзүлгөн келишимге ылайык алган. Мында эч кандай мыйзам бузуу жок», -деди жактоочу.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Эң көп окулган жаңылыктар