12:09
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Асылбек Жээнбековдун сотко чейинки өндүрүш ишин Аскер прокуратурасы карайт

Башкы прокуратура КСДПнын мүчөсү Темирлан Султанбековдун Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Асылбек Жээнбековду кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу арызына байланыштуу, мындан аркы процессуалдык аракеттер тууралуу 24.kg агенттигине айтып берди.

21-октябрда мурунку президенттин тарапташынын арызы Башкы прокуратурага келип түшкөн. Темирлан Султанбековдун пикиринде, Асылбек Жээнбеков төрагалык кылып турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана шалаакылыкка жол берилген. Арыздын демилгечисинин айтымында, Бишкек ЖЭБдеги модернизация иши Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 11-декабрында кабыл алынган насыялык келишимди («Бишкек ЖЭБди модернизациялоо» долбоорун ишке ашыруу үчүн Кытайдын экспорттук-импорттук банкы менен КР өкмөтү (Каржы министрлиги) ортосунда жеңилдетилген сатып алуучу насыя) ратификациялоо тууралуу мыйзамдын негизинде аткарылган.

Айтымында, Бишкек ЖЭБ боюнча келишимди ратификациялоону жөнгө салуучу мыйзам парламент тарабынан минимум 1,5 айдын ичинде кабыл алынышы керек болчу. Бул убакыт аралыгында депутаттар каталарды таап, аларды оңдошу керек эле. Бирок, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун чечими менен Жогорку Кеңеш мыйзамды бир күндө кабыл алган.

Кечээ кечинде арыз Аскер прокуратурасына кароо үчүн жиберилди.

Эң көп окулган жаңылыктар