16:59
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

ЖЭБ чыры. Айбек Калиев ТВЕАдан 10 миң долларга унаа сатып алган

Бишкектин Свердлов райондук сотунда ЖЭБди модернизациялоо боюнча кылмыш ишин кароо уланууда. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Сурак берүүгө ТВЕА төрагасы Мусажан Макелектин мурунку кеңешчиси Арлан Осмонжановду чакырышты. Ал ТВЕА унааларын кантип сатканын айтып берди. Унаалардын бирин Айбек Калиев сатып алган.

«2017-жылы Мусажан Макелек мага чалып бир канча унааны сатып берүүмдү суранды. Аны менен кызматтык мамилем жакшы болгондуктан, макул болдум. Бир канча жыл бою мен анын кеңешчиси болуп иштегем. 2018-жылдын башында ал «Тойота Прадо» унаасын Айбек Калиевге сатканын айтты. Мен унааны алып мамлекеттик каттоо кызматына бардым. Каттоо маалында менин паспорттогу маалыматтарым жараксыз болуп калды. Унааны ортомчу аркылуу менин айдоочума каттаттык. Андан кийин ал башка кишиге каттатты. Акчаны компаниянын кассасына салгам. Айбек Калиев унааны кимге каттатуу керектигин айтып берген», -деди Арлан Осмонжанов.

Күбө кошумчалагандай, ал буга чейин дагы аталган компаниянын унааларын сатып жүргөн. «Унааларды базар баасынан төмөн сатышкан. Жетекчилер айдап жүргөн унаалардын көбүнүн абалы жакшы болчу. Айрым унаалардын абалы өтө начар эле. Айбек Калиевди камап салгандан кийин акчаны анын атасынан алгам. Унаа үчүн ал 10 миң доллар берген», -деди ал.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

 
Эң көп окулган жаңылыктар