09:47
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Депутат Алмазбек Атамбаевдин тергөө абагында эмне менен алектенип жатканын айтты

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев өзүн жакшы сезүүдө. Бул тууралуу депутат Асел Кодуранова журналисттерге билдирди.

Бүгүн эл өкүлдөрү Ирина Кармушкина, Асел Кодуранова жана Карамат Орозова Алмазбек Атамбаевди зыярат кылышты.

«Албетте, ал жак курорт эмес, мындан улам анын ден соолугу тууралуу сүйлөштүк. Ал камерада жалгыз отурат. Китеп окуп жатат, бирок эмне тууралуу экенин билбейм», -деди Асел Кодуранова.

Бүгүн Бишкек шаардык соту көчмө жыйында мурунку президенттин камалышы жана кармоо мөөнөтүнүн узартылышынын мыйзамдуулугу тууралуу маселени карайт. УКМКнын имаратынын алдына Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсү, тарапташтары жана партиялаштары чогулушту.

Эске салсак, УКМКнын атайын кызматы 7-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып алууга аракет кылган. Бирок, операция ийгиликсиз болгон. Башаламандык маалында 45 киши жаракат алган. «Альфанын» кызматкери октон каза тапкан.

8-августта атайын операцияны ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган, жыйынтыгында мурунку президент багынып берди. Ал УКМКнын тергөө абагына 26-октябрга чейин камакка алынды. Алмазбек Атамбаевге укук коргоо органдарына карата зомбулук көрсөтүү, адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, жемкорлук айыбы тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар