УКМКнын имаратында Биринчи Май райондук сотунун көчмө жыйыны өтүп, анда мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын узартуу тууралуу маселе каралды.
Жактоочу Сергей Слесаревдун айтымында, Алмазбек Атамбаев 26-октябрга чейин камакта калтырылды.
Жактоочунун пикири боюнча, бул чечим мыйзамсыз. Ал кайра даттануу ниетин билдирди.
Көчмө жыйын жабык өттү.
Эске салсак, 8-августта Атамбаевди кармоо операциясын ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган. Жыйынтыгында Алмазбек Атамбаев багынып берген.