22:01
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Сокулук районунда жергиликтүү кеңештин депутаты сабалды

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда жергиликтүү кеңештин депутаты сабалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка караганда, депутатты жергиликтүү тургундар сабашкан. Жабырлануучу ооруканага жаткырылды.

Чүй ОИИББ аталган фактыны тастыкташты. Окуяга шектүү катары 38 жаштагы М.З. кармалды.

«Сурак маалында кармалган жаран мындан 4 ай мурун аялы менен жабырлануучу чогуу кармап алганын айтты. Кийин ал ажырашып кеткен. Үй-бүлөлүк маселелердин аркасы менен депутат экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралып, эл өкүлүн сабап салган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди», -деп билдиришти ОИИББдан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума