22:00
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

ЖАМУ жүздөн ашуун өзбекстандык студентти окуудан чыгарды

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Медициналык факультетинде жүздөн ашуун өзбекстандык студент окуудан чыгарылды. Жетекчилик алар сабакты көп калтырганын жүйө келтирсе, студенттер жана айрым окутуучулар муну «акча өндүрүүнүн амалы» деп сыпатташууда.

Өзбекстандык студенттерге байланыштуу маселе 20-майдан кийин күчөдү. Анын алдында социалдык тармактарда окуу жайдын залында студенттер нааразылык билдирип жаткан жыйындын видеосу тараган. Анда студент кыздардын бири деканаттагыларга минтип кайрылган:

«Дарылоо ишин Өзбекстанга практикага барып үйрөндүм. Сабактан бизге эч нерсе үйрөтүшпөйт. Сентябрдан бери коррупция. Акча берсең окууда каласын, акчасы жоктор айдалат. Биз эмне кылышыбыз керек?».

Залда кыздын сөздөрүн ондогон студенттер кол чаап, кубаттап турушкан.

Акушердик жана педиатрия кафедрасында окутуучу болуп иштеген Аскар Сейдалиев студенттердин сөздөрүн «Азаттыкка» тастыктап, 300 студент окуудан айдалуу коркунучуна туш болгонун билдирди.

«Көбүнчө «сабакка келбеди» деген негизде студенттерди «акчага сындырышат». Деканататтагылар окутуучулардан кимдер сабакка келбей жатканын сурап, тизмесин алышат. Анан ошол студенттерди чакырып сүйлөшүшөт. Акчасын алышат. Бир күн карасаң эле ал студент кадимкидей окуп жүргөн болот», — деген Сейдалиев сабакка такыр келбеген улан-кыздар да бар экенин, жетекчилик ошолорго гана чара көрсө жакшы болорун кошумчалады.

Декан Гүлбара Ташиева муну куру доомат деп, өзү 21-февралда бул кызматка дайындалганын, ошондо эле сабакты көп калтыргандар окуудан чыгарылары жөнүндө тайпа башчылар аркылуу эскертүү берилгенин айтты.

«Биздин бүтүрүүчүлөр кийин башкалардын саламаттыгына жооптуу болушат. Бул — биздин мойнубуздагы чоң жоопкерчилик. Айрым студенттер «ооруп калгандыктан сабакты калтырдым» деп медициналык маалымкат алып келишти. Ар бир маалыматты тыкыр текшердик. Ал тургай, чек арадан качан кирип-чыкканына чейин билдик. Калп эле оорудум деп алдап койгондор аныкталды. Ошентип отуруп 117 студентти окуудан чыгардык», — деген Ташиева студенттер акча сунуштап, «ишин чечип берүүнү» суранып жатканына токтолду:

«Өзү сабакка келбейт, бирок уялбай мага — деканга кирип «ишти бүтүрүп салбайлыбы» дешет. «Кыргызстанда акча менен бүтүрсө болот го» деген сөздөрдү да айтып жатышат. Мен буга жол бербейм».

Ташиева сабакка келбеген 50дөн ашуун пакистандык, индиялык студенттер да окуудан чыгарылганын маалымдады.

Эң көп окулган жаңылыктар