11:11
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Адамды токмоктоого шектүү делип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ноокен районунда адамды токмоктоого шектүү делип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ИИБдан билдиришти.

24-февралда Кочкор-Ата шаарында 40 жаштагы А.Я. сабалган. Ал өз арызында азият улутундагы белгисиз 3 жаран үйүнөн чакырып чыгып сабашканын айткан.

«Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Аталган окуяга шектүү делген жарандардын өздүгү аныкталып, 2 шектүү мартта кармалган. Алардын иши сотко өттү. Үчүнчү жаранга издөө жарыяланып, К.Э. колго түштү», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар