Санкт-Петербургда кыргызстандык жаран сабалды, учурда ал жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу Орусиянын ЖМКсы жазды.
Маалыматка караганда, жабырлануучунун абалы канааттандыраарлык.
Мас абалындагы жаранды Санкт-Петербургдагы Тамбасов көчөсүндөгү батирден 11-ноябрда ооруканага жеткиришкен. Ал мурда соттолгон эмес. Кошумча текшерүү жүрүүдө.