01:20
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Алматада күч органдары сабаган Чолпонбек Сыдыковду Бишкекке алып келишти

Алматада күч органдары тарабынан сабалган кыргыз жараны Чолпонбек Сыдыковду Бишкекке алып келишти. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова билдирди.

Чолпонбек Сыдыков чек арадан түз Бишкектеги ортопедия жана травмотология борборуна жеткирилди.

Тышкы иштер министрлиги казак тарап менен Чолпонбек Сыдыковдун сабалышы боюнча териштирүү иштерин баштады.

Белгилей кетсек, Чолпонбек Сыдыков Алматада кармалып, бир нече күндөн кийин бели жана буту сынып ооруканадан табылган.

Эң көп окулган жаңылыктар