16:51
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкекте аялын мыкаачылык менен сабаган адам кармалды

Ордо калаабыздагы «Алмалуу» кафесинде күйөөсү аялын мыкаачыфлык менен сабап салган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 11-сентябрда болгон. Жерине келген укук коргоо органдарын жабыркаган аял тосуп алып, чындап эле күйɵɵсү сабаганын тастыктады.

«Жабыркаган Ш.А. иштин чоо-жайын билүү үчүн милицияга жеткирилди. Бирок күйɵɵсүнɵ арыз жазуудан баш тартты. Бул иш Жорук кодексинин «Үй-бүлɵдɵгү зомбулук» беренесине ылайык катталып, экспертизалар дайындалды», — дешти башкармалыктагылар.

Мындан тышкары, жубайы арыз жазуудан баш тартканына карабастан күйɵɵсү кармалганы маалым болду.

«Факты «Майда бейбаштык» беренесине ылайык катталып, 31-жашар Т.А. убактылуу камоо изоляторуна жеткирилди», — деп айтылат билидирүүдɵ.

Эң көп окулган жаңылыктар