18:34
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын директорун сабап кетишти

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаевди сабап кетишти. Бул маалыматты ишкананын басма сөз катчысы тастыктады. 

Окуя 30-октябрда түнкү саат 12лер чамасында болгон.

Маалыматка караганда, Канатбек Ашырбаевди машыгуу залынан чыгып келе жаткан учурда эки белгисиз адамдар ур-токмокко алышкан.

Басма сөз катчысынын айтымында, анын учурда абалы жакшы. Бүгүн ал жумушка чыкты.

Эң көп окулган жаңылыктар