04:25
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ысык-Көлдө пенсионер сабалды. Милиция кызматтык иликтөө жүргүзүүдө

Ысык-Көл ОИИББ Ак-Суу районундагы пенсионердин милиция тарабынан сабалышы тууралуу факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. Бул тууралуу 24.kg агенттигине башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ак-Суу райондук ИИБга облустук бириккен ооруканага сабалган бейтап келип түшкөнү кабарланган.

«Сабалган бейтап 64 жаштагы Абазбек Султангалиев болуп чыкты. Ал милиция кол көтөргөнүн айткан. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. 29-августта жабырлануучу райондук прокуратурага арызданган. Кызматтык текшерүү дайындалды, жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет», -деп айтылат билдирүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума