10-12-апрелде Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, айрым жерлерде күн
күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт.