00:39
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Сокулук районунда алдамчылыкка шектелген киши кармалды

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда алдамчылыкка шектелген киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын февралында 38 жаштагы аял милицияга кайрылып, чала тааныш Улан аттуу кишиге карата чара көрүүнү суранган. Айтымында, ага январь айында бейтааныш киши өзүн кардиохирургмун деп тааныштырып, 6500 долларын алган бойдон дайынсыз кеткен.

Аталган окуяга шектүү катары 45 жаштагы киши колго түштү. Анын буга чейин ушундай эле кылмышка айыпталып, камалып чыкканы маалым болду. Шектүү өзүн медицина кызматкери катары тааныштырып, элден акчаны алдап алып жүргөн.



Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума