Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Нарын, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.