Бүгүнтөн тарта өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан карга айланышы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.
Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
Бишкек шаарында 5-февралдан баштап кар жаайт. Абанын температурасы 5-февралда +1...-10, 6-февралда −14...-18, 7-февралда −10...-18, 8-февралда −3...-10 градуска чейин түшүп, 9-февралда +2 градуска чейин жылыйт.
Ош облусунда 4-февраль күнү түштөн кийин жаап баштаган жамгыр 5-февралга караган күнү карга айланышы күтүлөт. Абанын температурасы 5-февралда −4...+1, 6-февралда −5...-13, 7-февралда −8...-15, 8-февралда −6...-14, 9-февралда −2...-14, ал эми 10-февралда температура + көрсөткүчкө өтөт.
Жалал-Абад облусунда 5-февралда эртең менен жаап баштаган жамгыр карга айланышы күтүлөт. Абанын температурасы 5-февралда +3...-3, 6-февралда −3...-14, 7-февралда −8...-17, 8-февралда −5...-17, 9-февралда −3...-16 гардуска чейин суук болот.
Баткен облусунда 4-февраль түштөн кийин жаап баштаган жамгыр 5-февраль күнү карга айланат. Абанын температурасы 5-февраль күнү +2...-5, 6-февраль күнү −6...-10, 7-февралда −6...-12, 8-февралда −4...-9, 0...-7 градуска чейин суук болуп, 10-февралдан тарта кайрадан жылуу болот.
Талас облусунда дагы 5-февраль күнү кар жаап баштайт. Абанын температурасы +1...-11 градуска чейин төмөндөйт. 6-февралда −12...-16, 7-февралда −7...-14, 8-февралда −5...-9, 9-февралда −7...-14 гардуска чейин төмөндөйт.
Чүй облусунда 5-февралда кар жаашы күтүлөт, абанын температурасы 0 градустан −16 градуска чейин төмөндөйт. 6-февралда −16...-22, 7-февралда −13...-23, 8-февралда −10...-15, 9-февралда +2...-14 градус суук болот.
Ысык-Көл облусунда 5-февралда кар жаап баштайт. Абанын температурасы −3...-10, 6-февралда кар басылбай жаап, −11...-14 градус, 7-февралда кар басылганы менен −13...-16 градуска суук, 8-февралда −11...-13, 9-февралда −11...-13 градуска суук болуп, мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.
Нарын облусунда да 5-февралда кар жаап баштайт. Абанын температурасы 5-февралда −7...-11, 6-февралда −11...-19, 7-февралда −18...-26, 8-февралда −15...-23, 9-февралда −13...-21 градуска чейин төмөндөп, суук болот.