16:15
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Милиция бизди коргойбу же биз алардан коркушубуз керекпи? Депутат нааразы

Депутаттар өкмөт менен ИИМдин жетекчилигинен укук коргоо органдарын тартипке келтирүүнү талап кылышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутаттар Сагындык Келдибаев менен Айнуру Алтыбаева айтып чыгышты.

«Милиция бизди коргойбу же биз алардан коркушубуз керекпи? Ишке алып жатканда алардын кайда билим алганы, кызматты кайда өтөгөнү текшерилбейт. Мурда баарын ийне жибине чейин текшеришчү. Биздин дарыгерлерге акча берсең алар сени учкуч дагы кылып коюшат», -деди Сагындык Келдибаев.

Анын кесиптеши Айнуру Алтыбаева дагы укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышкан мыйзам бузууларга көңүл бурду. Ал вице-премьер-министрге тез арада маселеге көңүл буруп, чечүүнү талап кылды.

Эске салсак, январда милициянын катышуусунда бир канча криминалдык окуялар катталган.

 
Эң көп окулган жаңылыктар