06:47
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргыз милициясынын 95 жылдыгы. Фоторепортаж

Бүгүн Бишкекте Кыргыз милициясынын 95 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти. 

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында президенттин катышуусунда салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Өз сөзүндө Мамлекет башчысы ата мекендик ички иштер органдарынын түзүлүү тарыхына токтолуп, жарандарыбыздын мамлекетке, бийликке болгон ишеними катардагы милиционерден башталарын белгиледи. 

Милициянын астындагы негизги тапшырма элдин жашоосунун тынчтыгын жана өмүрүнүн сактыгын камсыз кылуу, коомдо бекем тартипти орнотуу экендигин баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков кызматтык милдетин үлгүлүү аткаргандыгы, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөшүү ишине жана коомдук тартипти камсыздоого кошкон олуттуу салымы үчүн өзгөчө айырмаланган ички иштер кызматкерлерине бир катар мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Иш-чара майрамдык концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Эң көп окулган жаңылыктар