00:16
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Караколдо милиция жалгыз бой атанын уулун мектепке даярдашты

Каракол шаарында аз камсыз болгон жалгыз бой кишинин үйүнө карызы бар болгонуна карабай, жарык күйгүзүп беришти. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИББдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Караколдун 53 жаштагы тургуну уулун 3 айлык кезинен тарта жалгыз багып келет. Быйыл баласы 9га чыкты. Анын мектепке деген кийим-кечеги, окуу кууралдары жоктугуна байланыштуу, шаардык милиция өз каражаттарына керектүү буюмдарын сатып беришти.

Мындан тышкары аталган үй-бүлө төлөгөнгө акчасы жок 8 жылдан бери электр жарыгы жок жашап келген. «Каракол РЭСинин администрациясы абалды түшүнүү менен карап, ошол эле күнү жарыкты жандырып беришти», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар