07:26
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Башына пакет кийгизип сабашкан. Чүйдүн 2 милициясы 8 жылга эркинен ажыратылды

Ысык-Ата райондук соту жергиликтүү ИИБнын 2 милициясын күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Чүй облусунун прокуратурасынын өкүлү Нурлан Тагаев билдирди.

Айтымында, экөө тең 8 жылга эркинен ажыратылды.

«РИИБнын 2 кызматкери А.К. ны милиция бөлүмүнө алып келишкен. Андан кийин башына пакет кийгизип, колуна кишен тагып күнөөнү мойнуна алдыруу үчүн жерге жаткызып алып сабашкан. Прокуратура «Кыйноо» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тартип сакчылары камакка алынды», — деди Нурлан Тагаев.

Эң көп окулган жаңылыктар