16:24
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Жол кырсыгы. Сокулук РИИБнын башчысы ээлеген кызматынан четтетилди

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунда болгон жол кырсыгы фактысы боюнча Сокулук РИИБнын башчысы ээлеген кызматынан четтетилди. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Сокулук РИИБнын жетекчиси Максат Чойбековдун катышуусундагы жол кырсыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки өндүрүштүн материалын толук жана объективдүү иликтөө үчүн тиешелүү органга тапшырмалар берилди.

Окуяны ИИМ жетекчилиги тыкыр көзөмөлгө алды. Ички иликтөө кызматы тергөө жүргүзүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар