06:09
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кемин районунун 28 жаштагы тургунун тартип сакчылары сабап салышты

1-ноябрь- Милиция күнүндө Токмок ШИИБнын кызматкерлери Кемин районунун 28 жаштагы тургунун сабап салышты. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, милицияга арыз менен эркек киши кайрылып, 1-ноябрда унаа токтоочу жайдан белгисиз 2 киши кол салганын айткан.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Аталган кылмышка шектүү катары Токмок ШИИБнын кызматкерлери кармалды. Алардын бири 45 жаштагы У.А. жана 29 жаштагы С.Э. болуп чыкты.

Эң көп окулган жаңылыктар