01:59
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Быйыл милицияга каршы 31 факт боюнча кылмыш иши козголгон

Ушул жылдын 8 ай аралыгында милиция тарабынан 4 миң ар кандай бузуулар катталган. Бул тууралуу Укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча парламенттик комитеттин төрайымы Наталья Никитенко билдирди.

ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев мындай маалыматка өзү дагы нааразы экенин айтып, мойнуна алды. Ал милицияда көйгөйлөр көп экенин, айрыкча тартип жагын баса белгиледи. Анын айтымында, милицияга каршы 31 факт боюнча кылмыш иши козголгон. Ички иликтөө кызматы бул боюнча иштеп жатат.

«Министрден баштап баардыгы мыйзам алдында тең. Эгер күнөөлүү болсо, баардыгы жоопко тартылат», -деди Кашкар Жунушалиев.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума