09:00
USD 77.80
EUR 84.56
RUB 1.04

Бишкекте милиция адашып кеткен баланы үйүнө жеткирип берди

Бишкекте милиция адашып кеткен баланы үйүнө жеткирип берди. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-сентябрда «102» пультуна Ала-Тоо аянтында кичинекей бала мектептен келе жатып адашып калганы тууралуу билдирүү келген.

Окуя болгон жерге милиция келип, мектептен келе жатып адашып калган 8 жаштагы Б.Э. нин жашаган дарегин аныктап, үйүнө жеткирип беришкен. 

Эң көп окулган жаңылыктар