22:45
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Аманбол Бабакуловдун акцияны уюштургандыгы үчүн 3 миң сом айып төлөөгө ниети жок

Бишкектеги митингди уюштуруучулардын бири Аманбол Бабакулов кытайлык экспансияга каршы акцияны уюштургандыгы үчүн 3 миң сом төлөө ниети жок. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди.

Айтымында, милиция аны повестка боюнча келгенде Биринчи Май райондук сотунан кармаган.

«Митинг маалында мага Биринчи Май райондук сотунун повесткасын беришти. Ал жакка барганда Бишкек мэриясы биздин митинг өткөргөндүгүбүз боюнча сотко кайрылганын билдим. Анда 17синен 27-январга чейин митинг өткөргөнгө тыюу салынганын айтышты. Мындан тышкары биз митингди саат 13:00дө жыйынтыкташыбыз керек болчу, бирок элдер тараган жок. Мени уюштуруучу катары 3 миң сомго айып салышты. Соттон кийин мени Биринчи Май РИИБга алып барышты, 3 саат суракка алышып митингдин башында ким турарына кызыгышты. Андан соң кое беришти», -деди ал.

«Ак үйгө барууга чакырык таштаган жаштар алар митингдин катышуучулары эмес. Милиция келгенде алар качып кетишти. Өз чындыгына ишенген адам гана качып кетпейт», -деди Аманбол Бабакулов.

Митингдин уюштуруучулары бүгүн Жогорку Кеңешке барып, талаптарынын тагдыры эмне болоорунан кабар алышмакчы.

Эске салсак, кечээ Ала-Тоо аянтында кытайлык экспансияга каршы митинг болгон. Нааразы тарап бийликтегилерге бир канча талаптарын айтып чыгышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар