Кыргызстанда алтынчы жолу «Жеңиш жөнүндө жат жазуу» акциясы өтүүдө. Аны менен бирге «Георгий лентасы» жана «Жеңиш терезелери» иш-чараларына да старт берилди. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Маалыматка ылайык, быйыл жат жазуу өлкөнүн 45 аянтчасында — Бишкек, Ош, Манас, Кызыл-Кыя, Баткен, Чолпон-Ата, Каракол, Кара-Балта, Кант жана башка калктуу конуштарда өткөрүлүүдө.
Жат жазуунун өзүнчө бир бөлүмү кыргызстандыктардын Жеңишке кошкон салымына арналган.
«Жат жазуу — бул жөн гана калем, кагаз жана текст эмес, бул бүтүндөй совет элинин 1 миң 418 күндүк кайгысы жана азабы жөнүндөгү эс тутум. Бул согуш алып кеткен 27 миллион өмүрдүн азабы. Бүгүнкү күндө кээ бир адамдар тарыхты бурмалоого аракет кылып жатышат. Мындай болбошу үчүн баарыбыз жанын берген инсандарды эскерип, таазим кылышыбыз керек. Кыргызстанда ар бир төртүнчү адам согушка кетип, 160 миңден ашуун адам салгылашуу талаасында курман болгон. Алар биздин бүгүнкү ачык асман алдында жашашыбыз үчүн өз каармандыгы жана намысы менен жакындарын коргошкон», — деп белгиледи Жогорку Кеңештин депутаты Карим Ханджеза.
Эске салсак, «Жеңиш жат жазуусу» — бул Улуу Ата Мекендик согуштун окуяларына арналган бүткүл россиялык тарыхый акция. Ал 2019-жылдан бери жыл сайын Россиянын бардык аймактарында жана дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүндө өткөрүлүп келет. Акция жаштардын тарыхый сабаттуулугун жогорулатууга жана мекенчилдикке тарбиялоого багытталган.

