19:53
USD 84.79
EUR 98.58
RUB 1.19

Бишкек милициясы Ала-Тоо аянтындагы митингчилерди үйлөрүнө тарата баштады

Бишкек милициясы Ала-Тоо аянтындагы митингчилерди үйлөрүнө тарата баштады. Нааразы тарапка карата атайын каражаттар колдонулган жок. Айрым митингчилерди кармап жатышат.

Буга чейин укук коргоо органдарынын кызматкерлери бир канча жолу митингге чыккандарга кайрылып, убактысы бүтүп калгандыгына байланыштуу акцияны бүтүргүлө деп кайрылышкан. Мындан тышкары газон менен клумбаларды бошоткула деген суранычты нааразы тарап аткарышкан эмес.

Нааразычылык акция саат 11ден баштап уланууда. Митингге чыккандар бир канча талаптарды айтып, 5 кишиден турган топ аларды жеткирүү үчүн ЖК төрагасына барышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар