28-апрелден тарта Кыргызстандагы мугалимдер жогорулатылган айлык акыларын ала башташат. Бул тууралуу бүгүн өткөн маалымат жыйынында Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Анын айтымында, 1-апрелден тарта эмгек акы 100 пайызга көтөрүлдү. Эмгекке акы төлөөнүн жаңы шарттары боюнча эсептөөлөр жүргүзүлүп, каржылоо аймактарга жөнөтүлдү.
Буга чейин президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдиргендей, шаарда иштеген стажы жок жаш мугалим мурда 14 миң сомго жакын алса, эми анын айлыгы болжол менен 39 миң сомду түзөт (колуна 32 миң сомго жакын тийет).
Ал эми бийик тоолуу аймакта иштеген, 30 жылдан ашык стажы бар тажрыйбалуу педагог мурда 65 миң сомго жакын иштеп тапса, эми анын кирешеси болжол менен 104 миң сомго жетет (колуна 90 миң сомго жакын алат).
Белгилей кетсек, базалык ставка өзгөргөн жок — 7 миң 40 сом бойдон калды. Ага тиешелүү коэффициенттер каралган. Мугалимдин айлыгы анын билимине, иштеген жерине, окуу сааттарына, жүктөмүнө, педагогикалык тажрыйбасына, ошондой эле класс жетекчилиги жана дептер текшерүү үчүн кошумча төлөмдөргө жараша эсептелет.

