Бүгүн, 27-апрелде Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов расмий сапары менен Бишкекке келди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Манас» эл аралык аэропортунда конокту Кыргызстандын Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн кол башчысы Талантбек Талипов тосуп алды.
Жогорку даражалуу конок иш сапардын алкагында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмесине катышуусу пландалууда.

