22:20
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Митингдин уюштуруучуларынын бири Аманбол Бабакуловду милиция кармап кетти

Бишкекте Ала-Тоо аянтындагы митингдин уюштуруучуларынын бири Аманбол Бабакуловду кармап кетишти. Бул тууралуу маалыматты 24.kg агенттигине анын достору тастыкташты.

Учурда Аманбол Бабакуловдун баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук соту карап жатат.

Эске салсак, бүгүн кытайлык экспансияга каршы митинг Ала-Тоо аянтында өтүп, ага 200дөй киши катышкан. Алардын ичинен 20га жакын активистти милиция кармап кеткени айтылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар