18:08
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кыргызстандын эмгек сиңирген жана эл артисттеринин пенсиясын көбөйтүү сунушталды

Депутат Садык Шер-Нияз Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улугбек Кочкоровго өтүнүч менен кайрылды.

Айтымында, Кыргызстандын эмгек сиңирген жана эл артисттери аз өлчөмдө пенсия алышат. Же пенсиясынын көлөмү көбөйбөйт.

«Булар искусствонун генералдары. Эмне үчүн мамлекет күч түзүмдөрүнүн, аскерлердин пенсияларын көбөйтүп, артисттердикин унутуп коет? Эмнеге?», -деп суроо салды депутат.

Министр пенсиялык саясат менен министрлик эмес, Соцфонд алектенет деп жооп берди. Министрдин айтымында, мамлекеттик кызматкерлер жана маданият ишмерлери үчүн реестр иштелип чыкмакчы. Аларга тартифтик сетка боюнча пенсия каралмакчы.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда пенсиянын орточо көлөмү 5 миң сом.

Эң көп окулган жаңылыктар