20:43
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Келерки жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 7 пайызга көтөрүү пландалып жатат

Октябрдан тарта пенсияны жогорулатууга 3 миллиард 905 миллион сом каралган. Бул тууралуу парламенттин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиев билдирди.

Анын айтымында, кийинки жылга 16 миллиард сом каралган.

«2024-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 7 пайызга көтөрүүнү пландап жатабыз. Өткөн жылы 8 пайызга көтөрүү пландалып, бирок иш жүзүндө 38 пайызга көтөрүлгөн», — деди Соцфонддун төрагасы.

Эң көп окулган жаңылыктар