04:44
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

2023-жылы дээрлик 60 миңдей жаранга пенсия дайындалган

2023-жылы Социалдык фонд 73 миң 768 жаранга пенсия бөлгөн. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 58 миң 114 жаранга пенсия дайындалган, ал эми 15 миң 654 пенсионерге эмгек стажы, айлыгы, майыптыгы боюнча кошумча документтердин негизинде кайра эсептөө жүргүзүлгөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2023-жылы пенсияларды каржылоо 74 миллиард 832 миллион 490 миң 244 сомду түзгөн. 2020-жылга салыштырмалуу дээрлик 16 миллиард сомго көп.

Эң көп окулган жаңылыктар