17:17
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Башка өлкөгө көчүп кеткенден кийин пенсия кантип төлөнөт

Социалдык фонд Кыргызстандын жарандары башка өлкөгө туруктуу жашоого кеткенден кийин пенсия кантип төлөнөрү тууралуу маалымат берди.

Мыйзамга ылайык, жарандар пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө мамлекеттер аралык макулдашуулар түзүлбөгөн өлкөлөргө туруктуу жашоого кетсе, чет өлкөгө кетерде кайрылган айды эске алганда Кыргызстанда дайындалган пенсиянын үч айы төлөнөт.

Ал эми пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө эл аралык келишимдер түзүлгөн мамлекетке туруктуу жашоого кетсе, эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса, чет өлкөгө туруктуу жашаганга кетип жаткандыгына байланыштуу каттоодон чыгуу жөнүндө Социалдык фонддун аймактык органдарына арыз берген ай боюнча төлөнөт.

КМШга мүчө өлкөлөрдүн жарандарынын пенсиялык камсыздоо жаатындагы укуктарынын кепилдиктери жөнүндө макулдашууга ылайык, пенсионер бул мамлекеттерге көчкөндө ал жерде ошондой эле пенсия каралган болсо, мурдагы жашаган жери боюнча пенсия төлөө токтотулат.

Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө макулдашуунун алкагында пенсиялар эмгекчинин (үй-бүлө мүчөсүнүн) тандоосу боюнча дайындаган мамлекеттин аймагында же жашаган мамлекеттин аймагына которуу аркылуу төлөнөт.

Эң көп окулган жаңылыктар