05:26
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда 400 адам 50 миң сомдон жогору пенсия алат

Кыргызстанда 400 адам 50 миң сомдон жогору пенсия алат. Бул тууралуу парламенттин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө орточо пенсиянын өлчөмү 9 миң 300 сомду түзөт.

«Жогорулаганга чейин орточо пенсия 7 миң 800 сом болсо, беш жыл мурда 4 миң 700 сом болчу. 30 миң сом пенсия алгандарга кошулган жок», — деди Бахтияр Алиев. Ал депутаттардын Кыргызстандагы эң жогорку пенсия тууралуу суроосуна жооп берген жок.

Эң көп окулган жаңылыктар