15:22
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстанда пенсия жогорулатылат

2020-жылдын 1-октябрынан баштап пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүгү жогорулатылат. Бул туурасында брифингде премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Айтымында, пенсияны кайра эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча орточо 397 сомго жогорулап, пенсиянын орточо өлчөмү 6 миң 61 сомду түзөт.

«689 миң пенсионердин пенсиясын индексациялоого — 827,8 миллион сом, анын ичинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен пенсиянын базалык бөлүгүнө — 75,2 миллион сом, Пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен камсыздандыруу бөлүктөрүнө 752,6 миллион сом кошумча керектелет», — деди өкмөт башчысы.

Эң көп окулган жаңылыктар