00:48
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Соцфондко жакынкы эки жылда пенсияны жогорулатуу үчүн 40 миллиард сом керек

2024-жылы пенсияны жогорулатууга 960 миллион сом каралган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылы пенсия 33 пайызга, 2023-жылы 38 пайызга көтөрүлгөн. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 7 пайызга көбөйтүү пландалууда.

«2022-жылы пенсияларды жогорулатууга 20 миллиард сом талап кылынган. Быйыл 1-октябрдан тарта 3 миллиард 905 сом, 2024-жылга 16 миллиард сом талап кылынат. Эки жылга дагы 40 миллиард сом керек», — деди Бактияр Алиев.

Ал акыркы 10 жылда пенсия жыл сайын 2-3 пайызга көтөрүлүп келгенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, 1-октябрдан тарта пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүн индексациялоо коэффициенти 30 миң сомго чейинки пенсиялар үчүн 1,38 өлчөмүндө белгиленген. Тактап айтканда, 30 миң сомго чейинки пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгү кеминде 500 сомго көбөйгөн. Буга 3,9 миллиард сом каралган. Көбөйгөндөн кийин пенсиянын орточо өлчөмү 9 миң 354 сомду түзүп, орточо эсеп менен 1 миң 692 сомго көбөйгөн. Бул инфляциянын деңгээлинен эки эсе жогору.

Эң көп окулган жаңылыктар