07:57
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

9-апрелден тарта пенсияларды банктык эсептерге которуп баштайт

Социалдык фонд 9-апрелден тарта пенсияларды банктык эсептерге которуп баштайт. Бул тууралуу фонддун төрагасы Медер Исраилов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда 670 миӊден ашык пенсионер ар кандай категориядагы пенсия алат. Алардын ичинен 55% банкттардан пенсиясын алса, 45% — пенсиясын почта бөлүмдөрүнөн алат.

«Келерки айда пенсияларды каржылоо толук көлөмдө жана каралган мөөнөттө ишке ашырылат, каржылоо 9-апрелде ачылып, 10-апрелден тарта банктардан жана почта бөлүмдөрүнөн төлөмдөр бериле баштайт», — деп билдирди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар