15:22
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бүгүнкү күндө 100 миңге жакын адам жашоо минимумунан төмөн пенсия алат

Бүгүнкү күндө 100 миңге жакын адам жашоо минимумунан төмөн пенсия алышат. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев бүгүн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Социалдык фонд менен социалдык коргоону бөлүп кароо керек. Соцфонд пенсияны пенсионердин стажына жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнүн өлчөмүнө жараша эсептейт.

«Аз пенсияны негизинен эмгек стажы аз, 5-7 жыл гана иштегендер жана камсыздандыруу төгүмдөрүн аз төлөгондөр алат. Бул багытта иш алып баруудабыз. Октябрь айында беш жылдык эмгек стажын белгилөө боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизебиз. Азыр эмгек стажына карабастан пенсияны пропорционалдуу түрдө 3 миң 170 сом деп белгилейбиз. Минималдуу стаж талабы киргизилгенде мындай болбойт», — деди Бактияр Алиев.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын экинчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан боюнча пенсионерлердин жашоо минимуму 6 миң 816,71 сомду түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар