13:58
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Жактоочу: Сапар Исаковго тергөөчү тарабынан опузалоо болуп жатат

Экс-премьер-министр Сапар Исаковго жактоочу Нурбек Токтакуновдун көрсөткөн кызматынан баш тартууну сунуштап жатышат. Бул тууралуу юрист өзү билдирди.

Анын айтымында, кечээ ал УКМКнын тергөө абагына барып, кардары менен кезиккен.

Жолугуу маалында мурунку премьер-министр 13-июлда саат 11де УКМКнын тергөөчүсү Кубаныч Сабыровдун иш бөлмөсүнө алып барышканын айткан. Анда тергөөчү бөлмөсүнөн чыгып кетип, УКМКнын Илим аттуу кызматкери Сапар Исаковго жактоочу Нурбек Токтакуновдун кызматынан баш тартуусун суранган. Болбосо Викиликс сайтында мурда жарык көргөн маалымат боюнча кылмыш иши козголо тургандыгын айткан.

«Сапар Исаков мындай сунуштан баш тартып, тергөөчү тарабынан опузалоо болуп жаткандыгын айтты», — деди Нурбек Токтакунов.

УКМК бул маселе боюнча азырынча эч кандай түшүндүрмө бере элек.

Эске салсак, мурунку премьер-министр Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жемкорлукка айыпталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар