07:11
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Чет элдик инвесторлордон акча талап кылган жарандар кармалды

Чет элдик инвесторлордон ири өлчөмдө акча каражатын талап кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар чет элдик инвесторлордон 200 миң доллар талап кылышкан.

24-сентябрда милицияга Х.С. аттуу башка мамлекеттин жараны арыз менен кайрылган. Анда Т.Н. аттуу жаран уулдары менен башка өлкөнүн үч жаранын ага карата арыз жазууга мажбурлашып, президенттик администрациянын жаңы имаратын куруп жаткан жумушчулардан ар биринен 150 миң сом акча каражатын алган деп билдирген.


Ошондой эле, аны каматам деп жана жогорку кызматтагы адамдар менен коркутуп, шантаж менен 200 миң долларын талап кылган.


Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси «опузалап талап кылуу» боюнча кылмыш иши козголуп, Т.Н.дын жашаган жерине тинтүү жүргүзүлгөн. Анын «BMW X7» үлгүсүндөгү унаасынан өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү баңгизаты, темир кастети жана 11 даана патрондор табылган.


Үч жаран, анын ичинде башка өлкөнүн жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Facebook
Фото Facebook

Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы жарыялаган социалдык тармактагы посттун астындагы комментарийде Facebook колдонуучулары Төлөнбай Нурбаев кармалганын айтып жатышат.

Эң көп окулган жаңылыктар