21:29
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кочкор районунда Сапар Исаковду колдогон митинг өтүүдө

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда мурунку премьер-министр Сапар Исаковду колдогон митинг өтүүдө. Нааразычылык акция мурунку өкмөт башчынын туулган күнүнө карата уюштурулду. 

Катышуучулардын айтымында, 300гө жакын киши чогулду. Алар Сапар Исаковду эркиндикке кое берилишин талап кылышууда. Митинг айыл өкмөтүнүн имаратында өтүүдө.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Биримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар