14:00
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун абалы оор бойдон калууда

Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун абалы оор бойдон калууда. Бирок, аны УКМКнын тергөө абагына которушту. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Нурбек Токтакунов билдирди.

Юристтин айтымында, мунун баары соттук процессти ылдамдатуу жана өкүм чыгаруу үчүн жасалууда.

«Сапар Исаков чынында эле ооруп жатат. Ал отурганда дагы кыйналууда, мындан улам дарыгердин көзөмөлүнө муктаж», -деди ал.

Эске салсак, Сапар Исаков ооруканага 16-августта келип түшкөн, ага «омуртка артериясынын синдрому» деген диагноз коюлган.

 
Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума