02:57
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Сапар Исаковду сокто күч менен алып келишти

Мурунку премьер-министр Сапар Исаковду сокто күч менен алып келишти. Бул тууралуу журналисттерге жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Сапар Исаков менен башка соттолуучулар дагы конвойдук бөлмөдөн чыгуудан баш тартышууда.

«УКМКнын кызматкерлери Сапар Исаковду күч менен алып келишти. Бул мыйзамсыз. Адамды сотко мажбурлап алып келүү тууралуу токтомду соттук приставдар аткарышы керек болчу», -дейт ал.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Биримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар