14:03
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Опузалап акча талап кылган милициянын ыкчам кызматкерлеринин тобу аныкталды

Опузалап акча талап кылган милициянын ыкчам кызматкерлеринин тобу аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Ош шаардык милициясынын төрт кызматкери зордуктоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгойбуз деп коркутуп, Ош облусунун тургунунан 400 миң сом өлчөмүндө акча талап кылышкан.

25-сентябрында 100 миң сом алып жаткан жеринен ортомчу, андан соң милициянын майору Ж.у.Н. кармалган. Ага карта эки айлык мөөнөткө тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Бул кылмышка тиешеси бар дагы үч кызматкер учурда тергөөдөн жашырынып жүргөндүктөн, соттун чечими менен аларга карата сыртынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, издөөгө алынды.

УКМК издөөдө жүргөн кызматкерлердин кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана алардын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча нөөмөт бөлүмүнө телефон: 0(3222) 7-32- 32; 4-86-14 аркылуу кайрылууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар